www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмаз Айылчиев юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Юстиция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алмаз Айылчиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Буга чейин Айылчиев Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Белгилей кетсек, юстиция министри кызматын 2021-жылдан бери Аяз Баетов ээлеп келген.