www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында «Байсан» рестораны толугу менен демонтаждалды. Мэрия бул аймакта Ак-Буура дарыясынын жээгинде аянты 10 гектардан ашкан коомдук парк курууну пландап жатат.
Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, объекттин ээсине компенсация төлөнгөн. Буга чейин жерди башка аймакка алмаштыруу сунушу айтылганы менен, тараптар бир пикирге келе алышкан эмес.
«Байсан» рестораны буга чейин Оштун экс-мэри Женибек Токторбаевге байланыштырылып келген. Ал 2026-жылдын май айында ресторан өзүнө таандык эмес экенин билдирип, объект тууганы А.А.нын атына катталганын айткан.
Келечектеги паркта веложолдор, сейилдөөчү жайлар жана гүл борбору уюштурулмакчы.