www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында бүтүрүү кечесинен кийинки кортеж учурунда коомдук тартипти бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу шаардык милиция маалымдады.
Маалыматка ылайык, 21-июнда «Ош-Олимп» жеке менчик мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү автоунаалар менен «Ак-Терек» эс алуу жайына бара жаткан учурда коомдук тартипке туура келбеген аракеттерге жол берилген.
Бул окуя боюнча катышкан окуучулардын ата-энелерине карата административдик протоколдор түзүлдү. Автоунаалар айып короого токтотулган.
Милиция ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти сактоонун маанилүүлүгүн эскертти.