www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 17-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 17-июлунда саат 03:00 чамасында Ош шаарында бычактан жаракат алган жарандын окуя болгон жерде каза болгону тууралуу маалымат милицияга түшкөн.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган М.Ф. аттуу жаран аныкталып, саат 04:10 чамасында кармалган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечим кабыл алынары белгиленди.

Ош шаардык милициясы окуя боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя Ош шаарынын Курманжан датка аймактык башкармалыгынын (Түштүк-Чыгыш) аймагында болгон. 1997-жылы туулган жарандын сөөгү курч буюмдан алган жаракаттары менен табылган.

Последние новости