www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14–15-июль күндөрү Россиянын Москва шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилеринин аймактык жыйыны өттү.
Иш-чараны Россиянын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюму биргелешип уюштурду.
Жыйынга БУУнун Башкы катчысынын орун басары Александр Зуев, БУУнун Контртеррордук башкармалыгынын өкүлдөрү, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын жетекчилери катышты. Мындан тышкары ЖККУнун, КМШнын Терроризмге каршы борборунун жана ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн өкүлдөрү да болду.
Кыргызстандын делегациясын УКМК төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор Артур Эрбаев жетектеди. Делегациянын курамына УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын жана Жарандык авиациянын өкүлдөрү кирди.
Жолугушууда терроризмге каршы күрөшүү, террордук уюмдарга курал-жарак жана учкучсуз учуучу аппараттарды жеткирүү каналдарын бөгөттөө, маалымат алмашууну күчөтүү жана Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле кыргыз делегациясы БУУнун Башкы катчысынын орун басары Александр Зуев жана БУУнун Контртеррордук башкармалыгынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда терроризмге каршы күрөштүн жаңы чакырыктары, аларга жооп кайтаруу механизмдери жана БУУнун алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.
Мындан тышкары КМШнын Терроризмге каршы борборунун өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууда антитеррордук машыгууларды туруктуу өткөрүү жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.