www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 16 жаштагы кызды сабап салган 17 жаштагы эки кыз жана 13 жаштагы бир кыз шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдирди.

Буга чейин Раимбеков жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кыздардын өз ара жаңжалдашып жаткандыгы тартылган кыскача видео интернетке жарыяланып, талкуу жараткан.

Милициядан билдиришкендей, окуя 24-сентябрь күнү болгон. Факт Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү башталган. Окуяга тиешеси бар тараптар ошол эле күнү милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Жабыркаган кыз Оштогу окуу жайлардын биринин студенти, 16 жаштагы Р.А. экени белгилүү болду. Ага кол көтөрдү деп эже-сиңди — 17 жаштагы, эч жерде окубаган, иштебеген К.М. жана Оштогу мектептердин биринин окуучусу 13 жаштагы К.А. менен кошо алардын курбусу, 9-класстын окуучусу Т.А. шектелүүдө.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, чырдашкан кыздар бири-бири менен буга чейин тааныш болгон эмес. Алар Масалиев көчөсүндө, Каныкей эненин эстелигинин алдында топ ойноп жатып чырдаша кетишкен. Кыздардын бири түштүк тарапка карай басып кеткенде К.А. өзүнүн бир тууган эжесин жана курбусун жардамга чакырып, анын артынан жетип, ур-токмокко алышкан.

Последние новости