www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири көлөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү фактысын аныктады.

ИИМге түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында “М” аттуу жаран 44,36 грамм кара-күрөң түстөгү зат менен кармалган.

Андан аркы ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү бул затты Араван районунун тургуну “С” аттуу жарандан сатып алганын билдирген. Бул маалыматтын негизинде “С” аттуу жарандын жашаган үйүндө жана айдоо жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда айдоо жерине жашырылган үч таңгак өзгөчө жыты бар кара-кочкул түстөгү зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, алынган заттын жалпы салмагы 1 кг 611 граммды түзүп, ал “гашиш” баңгизаты экени аныкталган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо жана сатуу максатында жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган “М” жана “С” аттуу жарандар Араван райондук сотунун чечими менен 2 айлык мөөнөткө тергөө абагына камакка алынды.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана мыйзамсыз баңгизат каналдарын бөгөт коюу боюнча тергөө иштери уланууда.

Последние новости