www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына Япония өкмөтү тарабынан жалпы суммасы 10 млн сомду түзгөн заманбап медициналык жабдуулар тапшырылды.

Бул тууралуу Ош облусундагы Президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, берилген жабдуулардын арасында трансуретралдык резекция үчүн эндоскопиялык стойка жана проктологиялык ооруларды дарылоого колдонулуучу ультраүн диссектору бар.

Адистердин айтымында, заманбап медициналык аппараттардын колдонулушу бейтаптарга көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга жана дарылоо мөөнөтүн дээрлик эки эсеге кыскартууга мүмкүндүк берет.

Долбоор саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө жана медициналык кызматтарды жакшыртууга багытталган эл аралык кызматташуунун алкагында ишке ашырылды.

Последние новости