www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 11 курулуш объектисинде иштер токтотулду

Ош шаарында курулуш объектилеринде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көрктөндүрүү талаптарын сактабаган 11 объект аныкталып, алардагы курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин “Курулуш объекттерин ишке ашырууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйругунун талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында Ош шаарындагы курулуш аянтчаларына рейд жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда курулуш аймактарынын тосулушу, жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуздук тосмолорунун жана чатырчалардын орнотулушу, сырткы жарыктандыруу, кирүүчү жолдордун абалы, ошондой эле атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн тазалоочу жайлардын болушу каралды.

Жыйынтыгында төмөнкү объекттерде талаптардын бузулганы аныкталды:
Нурматов көчөсүндөгү 14 кабаттуу турак жай;
А. Масалиев көчөсү 122 дарегиндеги 14 кабаттуу турак жай;
Ленин көчөсү 235 дарегиндеги 16 кабаттуу турак жай (апартамент);
Ж. Шамшиев көчөсү 2 дарегиндеги 12 кабаттуу турак жай;
М. Жалил көчөсү 2Б дарегиндеги 9 кабаттуу турак жай комплекси;
Достук кичи районундагы 83-6 көчөсүндөгү 9 кабаттуу турак жай;
Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак айылындагы 9 кабаттуу турак жай;
Мамыров көчөсүндөгү 12 кабаттуу турак жай;
Закиров көчөсү 63 дарегиндеги 9 кабаттуу турак жай;
Исанов көчөсү 72 дарегиндеги 7 кабаттуу турак жай;
Алиев көчөсү 99 дарегиндеги 12 кабаттуу турак жай;
Моторный көчөсү 2 жана 2Г даректериндеги 12 кабаттуу турак жайлар.

Аныкталган мыйзам бузуулар үчүн “Саламат Курулуш” жана “Береке” ЖЧКларына 200 миң сомдон айып пул салынды.

Мындан тышкары, “Курам Констракшн”, “Кыргыз Каганат”, “Имар-Строй”, “Бийиктик-Строй”, “Бийиктик Курулуш”, “Эль-Насип”, “Ош Строй Компани”, “Баймен”, “Домостроитель”, “Элит Строй Сити” жана “Карагай Курулуш” ЖЧКларына аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Талаптар толук аткарылганга чейин аталган объекттерде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштеринде КР КЧ 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет.

Последние новости