www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-февралда Жогорку сотто жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу өттү. Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков да катышты.

Жолугушуунун алкагында ОшМУ менен Жогорку соттун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. 

Келишим студенттердин практикалык даярдыгын уюштурууга багытталган. Ага ылайык, юриспруденция, психология, лингвистика жана IT багыттарында окуган студенттер Жогорку сотто практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бул кызматташтык студенттердин теориялык билимин практикалык тажрыйба менен айкалыштырып, укуктук маданиятты жогорулатууга жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого шарт түзөт.

Последние новости