www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары 11-февралда Майлуу-Суу жана Базар-Коргон шаарларында, 12-февралда Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата жана Ооган-Талаа айылдарында өттү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө шайлоочулар талапкелердин программалары менен таанышып, аймактагы орчундуу көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүштү.
Эл тарабынан талапкерлерге жол, социалдык объектилердин жетишсиздиги, пенсия, жөлөк пул, айыл чарба, ичүүчү таза суу, сугат суу боюнча суроолор берилди.
Өз кезегинде талапкерлер элдин жашоо шартын жакшыртууга жана аймактардын өнүгүшүнө багытталган программаларын баяндап, келечектеги пландарына токтолушту.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жолугушуулар бардык талапкерлерге бирдей шартта уюштурулат.
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2026-жылдын 9-февралынан 13-февралына чейин уланат.
Эске салсак, жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда.