www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Күнгөй участкасында жайгашкан өндүрүш цехтеринин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды.
Тактап айтканда, пластик жана таш өндүрүүчү цехтердин курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. Мындан тышкары, курулуп жаткан объектилер курулуш объектилеринин мамлекеттик реестрине катталган эмес. Бул фактылар Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.
Жыйынтыгында, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жаран Р.Т.га жана “Муслим Таш” ЖЧКсына карата милдеттүү көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле жалпы суммасы 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан сырткары, бардык тиешелүү уруксат берүүчү документтер мыйзам талаптарына ылайык толук таризделгенге чейин курулуш иштери токтотулду.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырат. Ошондой эле курулуш мыйзамдарын бузган учурларда күнөөлүү жактар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.