www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарында муниципалдык курулуш материалдарын мыйзамсыз сатууга байланышкан коррупциялык схемага бөгөт коюлганын УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү жана кызматтык кылмыштарды алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын директору Э.М.У. Кара-Балта шаарынын вице-мэри К.А.У. менен кылмыштуу бүтүмгө келип, муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү бюджеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен жеке жактарга кум-шагыл аралашмасын (ПГС) жана битумдук асфальтты мыйзамсыз сатуу иштерин уюштурганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында аталган адамдар кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

Последние новости