www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош ШИИБдин тергөөчүлөрү сыйланышты

Бүгүн, 6-апрелде Ош шаарынын ички иштер башкармалыгында тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 63 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, кызмат өтөп жаткан тергөөчүлөргө өзгөчө урмат-сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков тергөө кызматынын мыкты кызматкерлерин Ички иштер министрлигинин жана Ош ШИИБдин Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары жана эстелик саатттар менен сыйлап, алардын ак ниет эмгегин жогору баалады. Ал өз сөзүндө тергөөчүлөрдүн коомдогу орду өзгөчө экенин, алардын ар бир чечими адамдардын тагдырына түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.

“Тергөөчү болуу — бул жөн гана кесип эмес, бул чоң жоопкерчиликти, терең билимди, бекем эркти жана акыйкаттыкка болгон туруктуу ишенимди талап кылган ыйык милдет. Сиздер күн сайын мыйзамдуулукту камсыз кылуу менен жарандардын укугун коргоп, коомдо адилеттүүлүктүн орношуна зор салым кошуп келесиздер. Ар бир ишти кароодо калыстыкты, принципиалдуулукту жана адамгерчиликти биринчи орунга коюп, мыйзам чегинде так жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу — бул сиздердин башкы милдетиңиздер. Коом сиздерден тазалыкты, чынчылдыкты жана жогорку кесипкөйлүктү күтөт”, — деп белгиледи башчы.

Мындан тышкары, ал тергөөчүлөрдү кызматтык милдеттерин так аткарууга, ар дайым өз билимин өркүндөтүп, заман талабына ылайык иш алып барууга чакырып, алардын талыкпас эмгеги коомдун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 1963-жылдын 6-апрелинде Жогорку Советтин Президиумунун Жарлыгы менен алдын ала тергөө өндүрүшүн жүргүзүү укугу коомдук тартипти сактоо органдарына өткөрүлүп берилген. Ал эми 1963-жылдын 25-майындагы “Кыргыз Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо органдарына, тактап айтканда милицияга, кылмыш иштери боюнча алдын ала тергөө жүргүзүү укугу расмий түрдө бекитилген.

Бул дата тергөө кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары жыл сайын белгиленип, алардын коомдогу орду жана эмгеги өзгөчө бааланат.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы

Последние новости