www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Азенбек Козукеев айдоочулардын белгиленген ылдамдык режимин сактоосун текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул ирет профилактикалык иш-чаралар Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолдорунда өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин 10.2-пунктуна ылайык:

• калктуу конуштарда унаанын максималдуу ылдамдыгы — 60 км/саат;

• калктуу конуштардан тышкары — 90 км/саат.

Мисал катары, Кемин районунун Бообек айылында Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 82-чакырымында ылдамдык режимин бузган бир нече айдоочу катталган. Аталган транспорт каражаттары жолдун 17-чакырымында токтотулган.

Аныкталгандай, бул тилкени өтүү үчүн уруксат берилген убакыт 59 мүнөт болсо, айдоочулар аны болгону 41 мүнөттө басып өтүшкөн. Бул белгиленген ылдамдыкты олуттуу түрдө ашырганын көрсөтөт.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында бир жума ичинде алдын ала 28 255 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, ар бир айдоочуга жол кыймылынын эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзулдү:

• тиешелүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 3 159;

• мас абалында автоунаа башкаруу — 560;

• автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 185;

• жөө жүргүнчүлөр (пешеход) катышкан жол эрежелерин бузуу — 2 266;

• белгиленген ылдамдыкты ашыруу — 3 105;

• башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 804;

- 4 320 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жетекчи тарабынан мындай иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.

Последние новости