www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-октябрда Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин бир нече жолу бузулушунан улам 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык прокуратура, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан түзүлгөн мобилдик топтор менен биргеликте рейддик иш-чараларды күчөтүү учурунда «Мээрим», «Ала-Тоо», «Энесай», «Хан Ордо» жана «Ак Кайын» ресторандарынын ишин токтотту. 

Алардын ишин калыбына келтирүү мыйзам бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын чегинде чечилет.

Белгилей кетсек, мобилдик топтор тарабынан санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди бузгандардын бардыгына карантин мезгилинде үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүүгө тыюу салынган, бир нече жолу эскертүүлөр берилген.

Ош шаары боюнча 7 мобилдик топ бар. Учурда жугуштуу оорунун жайылышынан улам күчөтүлгөн тартипте иштеп, текшерүүлөр баардык аймактарда жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости