www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-апрель күнү Ош шаарындагы мектептердин биринде 16 адам ууланды. Алар Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Окуя саат 11лер чамасында Амир-Тимур аймактык кеңешиндеги 54-мектепте катталган. Алардын 14ү жетинчи жана тогузунчу каласстын окуучулары, экөө мугалимдер болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча жабырлануучулар клейдин жытынан ууланышкан. Учурда окуучулардын абалы турукташып жарымы үйгө чыгарылды. Ал эми ууландырган затты класстык бөлмөгө ким алып келгени боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Окуя үчүнчү сабак бүтүп төртүнчү сабак башталганда жүз берген. Ага чейин класстык бөлмөдө эч нерсе болбогонун окуучулар айтышат. Бир класстагы 12 окуучу жана коңшу бөлмөдөгү 2 окуучу ууланган. Аткени ачык турган эшиктен жыт башка бөлмөгө чейин жеткен. Эс учун жоготуп келгендердин абалы турукташты. Айрымдары ата-энелерине тапшылырып үйлөрүнө чыгарылды дейт Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын жетекчисинини орун басары Назарбай Сагындыков.

Калгандарында да кооптонууга негиз жок, толук даарыланып абалдары жакшырган соң үйлөрүнө чыгууга уруксат берилет. Ал эми 16 адамдын ден соолугуна зыян келтирген клейди кокустан эле бөлмөгө ким алып келгени белгисиз. Учурда окуч жүз берген мектептин классы жабылып, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын Ош ШИИБнын башчысынын орун басары Сардор Садыров билдирди.

16 баланын уулануусу Ош шаарындагы мектептерде алгачкы ирет катталып жатат. Азырынча ар кандай божомолдор айтылып жатат. Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов мектепке клей ким тарабынан алынып келингенин иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болоорун айтат. Ал эми алдын алуу иш-чаралары буга чейин эле бардык мектептерде жүргүзүлүп келгенин билдиришет.

Кошумчалай кетсек, 14 окуучу, 2 мугалим ууланган мектеп мындан 8 жыл мурун курулган. Толук эмес билим берүү мекемеси болуп, окутуу өзбек тилинде жүргүзүлөт. Жылпы 300гө жакын окуучу билим алат. Буга чейин бул жерде ушул сыяктуу эч кандай окуя катталган эмес.

Адилет Бостонов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости