www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында өздүк курам үчүн кошумча окуу-сабактары уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — өлкө аймагында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлерине жол кыймылынын эрежелерин кайталоо, алардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана жол коопсуздугун камсыздоодогу жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат.

Окуу-сабактарын өткөрүү демилгеси башкармалыктын тергөө кызматынын бөлүмчө башчысы Семетей Жолдошов тарабынан демилгеленип, уюштурулду. 

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө "ДОСААФ" автомектебинин эксперти жана мугалими О. Сардор Азамадхожаев баштаган окутуучулар тобу Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жол кыймылынын эрежелери боюнча кеңири маалымат беришти. Сабак заманбап лед-экрандын жардамы менен интерактивдүү форматта өтүп, катышуучуларга теориялык билимдерин бекемдөөгө жана практикалык жагдайларды талдоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле кызматкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Сабактын жүрүшүндө катышуучулардын билим деңгээлин аныктоо максатында атайын тесттик текшерүү уюштурулду. Жыйынтыгында эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн үч кызматкер аныкталды. Алар:

• Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги Анвар Осмонов;

• Милициянын кайгуул кызматынын тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Турдумамат уулу Жаныбек;

• Кинология борборунун башчысы, милициянын капитаны Камалиддин Эргешов.

Аталган кызматкерлер бардык суроолорго туура жооп берип, алдыңкы орундарга ээ болушту. Аларга сабакты уюштуруучулардын атынан кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө мамлекеттик кызматкерлердин, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын жана мүлкү бар жарандардын жалпы салык декларациясын тапшыруусунун өзгөчөлүктөрү жана акыркы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди. Ош шаары боюнча салык кызматынын өкүлү декларацияны толтуруунун максаты, тартиби жана мөөнөттөрү боюнча кеңири түшүндүрмө берди. Өз кезегинде милиция кызматкерлери өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

Мындай кошумча окуу-сабактары кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, кесиптик чеберчилигин арттырууга жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо натыйжалуу иш алып баруусуна өбөлгө түзөт.

Последние новости