www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында жергиликтүү тургун Мээрим Орозмамат кызы Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү тарабынан орой мамилеге дуушар болгонун айтып, бул боюнча видеоматериалдарды өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Анын кайрылуусунун негизинде Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы кызматтык текшерүү жүргүзүп, учурда жыйынтыктоо этабына келди.

Бүгүн Мээрим Орозмамат кызын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков, ошондой эле башкармалыктын тергөө кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Эрлан Абдыкадыров кабыл алышты.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, мыйзамда жана кызматтык милдеттерде белгиленген талаптарды так аткарбаган Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөөчүсүнө карата тиешелүү тартиптик чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Последние новости