www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын маданият министрлеринин «С5+1» форматындагы жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбеков менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чыгармачылык байланыштарды чыңдоо жана маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Мирбек Мамбеталиев Өзбекстан маданият министри Озодбек Назарбековду Кыргыз Республикасында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин жолугушуусуна катышууга чакырды.
Мындан тышкары өзбек тарап алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырылды.
Министр ошондой эле Кыргыз Республикасы Өзбекстандын маданий делегациясын Кыргызстанда өтө турган Өзбекстан маданият күндөрүнүн алкагында кабыл алууга даяр экенин белгиледи.
Тараптар кыргыз-өзбек маданий кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого жана биргелешкен гуманитардык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.