www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Oxford International School мектебинин негиздөөчүлөрү менен жолукту. Жолугушууда мэр “Оксфорд” эл аралык мектебинин негиздөөчүсү Мухаммад Шафик Абд Ут Тавваб, окуу директору Мухаммед Буржу жана мектептин башкы менеджери Динара Каримованы кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарына эл аралык стандарттагы Oxford International School билим берүү мекемесинин жаңы филиалын куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Бул долбоор Ош шаарынын мэриясынын инвесторлорду тартуу боюнча жүргүзүп жаткан системалуу иштеринин натыйжасы болуп саналат. Мэр Жанарбек Акаев билим берүү тармагына инвестиция тартуу аркылуу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүнү жана билим сапатын жогорулатууну негизги багыт катары карай турганын айтты.
Жаңы мектеп 5 кабаттуу болуп, 850 окуучуга ылайыкталат. Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучуларды эл аралык деңгээлдеги программалар — Cambridge IGCSE жана International Baccalaureate Diploma Programme программалары аркылуу окутат. Бул программалар бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн 140 окуу жайына экзаменсиз окууга тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат.
Мэр Жанарбек Акаев белгилегендей, мындай эл аралык билим берүү мекемелеринин ачылышы шаардагы атаандаштыкты күчөтүп, билим сапатын жаңы деңгээлге көтөрөт. Ошондой эле бул долбоор мектеп жетишсиздигин азайтууга олуттуу салым кошот.
Шаар башчысы Ош — өлкөдөгү экинчи ири шаар экенин белгилеп, билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин айтты. Ал Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү алдыңкы билим берүү уюмдарын Ош шаарына инвестиция салууга чакырып, мэрия ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Долбоордун алкагында тараптар ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.
Бул жаңы мектеп жеке менчик негизде иштегени менен, эл аралык деңгээлдеги билим берүү борбору болуп, шаардагы билим сапатын жогорулатууга, мектеп жетишсиздигин жоюуга жана жаштардын келечек мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат.