www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында күрөөкана ээлери кармалды

Ош шаарынын аймагында күрөөкана ээлери кармалды. Алар ондогон үйлөрду, башка мүлктөрдү мыйзамсыз өздөрүнө өткөрүп алууга шектелип жатышат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө күрөөканаачылар жарандарга жогорку пайыздык өлчөмдө акча каражаттарын берип, алардын күрөөдөгү мүлктөрүн мыйзамсыз өздөрүнө өткөрүп алуу фактылары аныкталган.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында күрөөкана ишмердиги менен алектенген Б.О. жана К.К. кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча алар узак убакыт бою жарандардын өтө муктаж абалынан пайдаланышып, оор шарттар менен акча берип, алардын мүлктөрүн өз пайдасына өткөрүп алышкан.

Шектүүлөр Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан 48 саатка камакка алынышкан. 2026-жылдын 9-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен К.К. 2 ай мөөнөткө камакка алынып, ал эми Б.О. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, кылмыштуу топтун башка аныкталбаган шериктерин аныктоо багытында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жогоруда аталган жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган адамдар болсо, 102 кыска номерине же 0770 710 808 телефон номерине кайрылууну суранабыз.

Последние новости