www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан ички рынокто күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу үчүн Кытай баш болгон үчүнчү өлкөлөрдөн күйүүчү май импорттоого бажы төлөмүн убактылуу нөлгө түшүрүүнү карап жатат. Бул тууралуу соода жана интеграция вице-министри Жанель Кушукова билдирди. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкөдөн сыртка чыгарууга коюлган чектөөлөр күчүндө калат.

Мындан тышкары, Маңгыстау облусунда Атырау мунай иштетүүчү заводундагы пландуу оңдоо иштеринен улам автогаз боюнча кезектер жаралган. Маселени чечүү үчүн аймакка кошумча 3 миң тонна суюлтулган газ жеткирилет. Бийлик газдын баасы өзгөрбөй турганын жана учурда литри 72 теңге бойдон каларын билдирди. Жакынкы күндөрү жеткирүү толук калыбына келип, абал турукташары күтүлүүдө.

Последние новости