www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында бала бакчага жумушка орноштуруу үчүн 25 миң сом пара талап кылган деген шек менен «Жибек» балдар бакчасынын жетекчиси кармалды. Ал Ош шаардык кеңешинин учурдагы депутаты экени маалымдалды.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-августта 1988-жылы туулган шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал «Жибек» балдар бакчасына тарбиячы болуп жумушка орношуу үчүн мекеменин жетекчиси Ч.З. 25 миң сом талап кылганын билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, акчаны толук төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айткан.

Бирок жетекчи башка талапкерлер бар экенин айтып, акча төлөгөн учурда гана жумушка кире аларын билдирген.

Натыйжада арыз ээси алгач 20 миң сомду мобилдик банкинг аркылуу которуп, калган 5 миң сомду айлык алгандан кийин жетекчинин иш бөлмөсүндө бергенин билдирген.

Бул факты боюнча «Пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү 17-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, шектүү катары кармалган жаран Ош шаардык кеңешинин учурдагы депутаты.

Последние новости