www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-октябрда Кыргызстанда Жарандык авиация күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов авиация тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ал акыркы жыл Кыргызстандын жарандык авиациясы үчүн маанилүү өзгөрүүлөргө бай болгонун белгиледи. Анын айтымында, тармактагы масштабдуу реформалар жана долбоорлор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Өлкөнүн авиация тармагындагы негизги жетишкендиктердин бири — кыргызстандык авиаташуучулардын EU Air Safety List тизмесинен чыгарылышы болду. Бул кадам Кыргызстандын эл аралык аба каттамдарын кеңейтүүсүнө жана жаңы багыттарды ачууга мүмкүнчүлүк түздү.
Ошондой эле Asman Airlines улуттук авиакомпаниясын өнүктүрүү боюнча иштер уланууда. Авиакомпаниянын эл аралык рынокко чыгышын камсыз кылуу максатында эки Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду.
Аэропорттук инфраструктураны жаңылоо багытында да бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. «Манас» эл аралык аэропорту масштабдуу реконструкциядан өткөрүлсө, «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунда жаңы аэробекет комплекстери курулууда. Мындан тышкары, Манас шаарында жаңы аэропорт куруу долбоору ишке ашырылып жатат.
Реконструкциядан кийин «Каракол» аэропорту өзүнүн тарыхында биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды.
Манасбек Самидинов авиация тармагындагы жетишкендиктер миңдеген адистердин талыкпас эмгегинин натыйжасы экенин белгилеп, «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын жана жалпы авиация тармагынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен! Асманыбыз ачык, каттамдарыбыз коопсуз, жетишкендиктерибиз арбын болсун!» — деп куттуктады Манасбек Самидинов.