www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лос-Анжелес аэропортунда канадалык жана америкалык авиакомпаниялардын учактары кагылышты
АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы аэропорттун учуу тилкесинде канадалык жана америкалык авиакомпанияларга таандык эки учак кагылышты. Бул тууралуу ТАСС АКШнын Жарандык авиация башкармалыгына (FAA) шилтеме берүү менен билдирди.
FAAнын маалыматына караганда, Delta Air Lines авиакомпаниясынын 7-рейсин аткарган учагы учууга даярданып жаткан маалда анын сол канатынын учу Air Canada авиакомпаниясынын 785-рейсин аткарган учагынын горизонталдык стабилизаторуна тийген.
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 10:30да болгон.
Учурда АКШнын Жарандык авиация башкармалыгы окуянын себептерин иликтеп жатат.