www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык билим берүү башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын өздөштүрүү жана ыйгарып алуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы бухгалтери А.А. бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, мыйзамсыз түрдө айлык акыларды жана башка төлөмдөрдү төмөнкү мектептердин кызматкерлерине жүргүзгөн:
№24 М.Фрунзе атындагы орто мектеп;
№42 «Керме-Тоо» орто мектеби;
№17 Ю.Гагарин атындагы орто мектеп;
«Олимп» мектеп-гимназиясы;
№18 А.Навои атындагы мектеп-лицейи;
№52 «Кыргыз–Түрк достугу» мектеп-лицейи.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча келтирилген зыяндын суммасы 8 млн 940 миң 684 сомду түздү.
Учурда күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген чыгымды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.