www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык журналисттер үчүн Москва шаарындагы эң ири медиакомплекс — Останкино телеборборуна атайын экскурсия уюштурулду. Иш-чара АНО "Евразиянын" "Узнай Россию" программасынын негизинде өткөрүлдү.
Экскурсиянын жүрүшүндө журналисттер телеборбордун тарыхы, иштөө тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышышты. Аларга түз эфирлер кантип даярдалаары, монтаж процесси, жана тележурналистиканын заманбап ыкмалары тууралуу маалымат берилди.
ЖМК өкүлдөрү Останкино телеборборунун ири студияларынын бири болгон, "Большая игра" теледебаты ж.б. программалар тартыла турчу студияны көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Андан сырткары, журналисттер "Жить здорово" телеберүүсү тартылган студияда болушту. Аталган программа кандай, кантип тартылаары тууралуу маалымат берилип, берүүгө байланышкан ар кандай экспонаттарды көрө алышты.
Алсак, "Жить здорово" берүүсү айына 3 гана күн тартылат. Бирок кызматкерлер бир күндө 8 чыгарылыш даярдоого жетишет.
Ошондой эле, кыргызстандык ЖМК өкүлдөрүнө "НТВ" каналынын редакциялык бөлүмдөрдүн уюштурулушу тууралуу да кенен баяндалды жана "Сегодня" берүүсү тартыла турчу студия көргөзүлдү. Журналисттер аталган телепрограмманын алып баруучусу Игорь Полетаев менен жолугушту.
Иш-чаранын алкагында журналисттер телеберүүдө колдонулуучу акыркы технологиялар менен да тааныша алышты.
Мындай сапарлар журналисттердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, маалымат берүүдө сапатты көтөрүүгө жана эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Белгилей кетсек, Останкино телеборбору — бул Россиядагы жана дүйнөдөгү эң ири телерадиоберүү борборлорунун бири. Ал Москва шаарында, Останкино районуна жакын жайгашкан. Бул россиялык телеиндустриянын жүрөгү болуп эсептелет.
Курулушу 1960-жылдардын башында башталган жана расмий түрдө 1967-жылы 1-сентябрда ишке берилген.
Ал СССРдеги биринчи чоң масштабдагы телеборбор болуп, өлкө боюнча теле жана радиоберүүлөрдү уюштуруу үчүн курулган.
Телеборбордун негизги максаты – масштабдуу түз эфирлерди, концерттерди, жаңылыктарды жана коомдук-саясий программаларды иштеп чыгуу жана эфирге берүү болгон.
Останкино телеборборунда ондон ашык чоң телестудиялар бар, алардын ар бири атайын багытта колдонулат (шоу-программалар, жаңылыктар, ток-шоулар ж.б.).
Телеборбор өзүнө монтаждык бөлмөлөрдү, сценографиялык цехтерди, грим бөлмөлөрүн, жана түз эфир борборлорун камтыйт.
Телеборбор заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган. Бул эфир сапатын жогорулатууга жана түз эфирлерди башка шаарларга жана өлкөлөргө берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Космоско да берүүчү спутник байланыш системалары бар.
Останкино телеборбору аркылуу "Первый канал", "НТВ" "Карусель", "ОТР", "РТР-Планета" жана башка көптөгөн каналдардын программалары түз эфирге чыгат.
Борбордон программалар Россиянын бардык булуң-бурчтарына, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө таратылат.
Бул жерде миңдеген кызматкерлер иштешет — режиссёрлор, операторлор, техникалык адистер, журналисттер жана алып баруучулар.
Талантбек кызы Айсулуу
Москва - 2025