www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-февраль күнү Араванда “Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Анда калк арасында укук бузууларга жол бербөө, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча үймө-үй кирип, жарандар менен маектешүү орун алды. Жергиликтүү тургундардын коопсуздукка байланышкан арыз-муктаждыктары угулуп, аларды жеринде чечүү жолдору каралды.
Бул кадам мамлекеттик органдар менен калктын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана кылмыштуулуктун санын азайтууга багытталган. Башкы максат — жазалоо эмес, укук бузуунун келип чыгуу себептерин алдын ала аныктап, аларды четтетүү.
Иш-чаранын соңунда аныкталган көйгөйлөрдү жоюу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жергиликтүү активдерге коопсуздукту сактоо боюнча сунуштамалар берилет.