www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун аймагында 12-августтан тартып «Тилемчилик» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.
Иш-чарага милиция кызматкерлери менен бирге социалдык коргоо органдарынын, билим берүү тармагынын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссиялардын өкүлдөрү катышууда.

Биргелешкен топтор соода жайларын, базарларды, көчөлөрдү, коомдук жайларды жана эл көп топтолгон аймактарды текшеришти.

Рейддин жүрүшүндө тилемчилик менен алектенип жүргөн 8 жашы жете элек бала аныкталды. Алардын тилемчилик кылуусуна түрткү болгон себептерди аныктоо жана тиешелүү профилактикалык чараларды көрүү боюнча мыйзамда белгиленген тартипте иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, ден соолугуна байланыштуу коомчулуктан кайрымдуулук сураган жарандардын аракеттеринин чын-төгүнүн аныктоо жана башка фактылар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга 13 сунуштама жөнөтүлдү.

Ошондой эле ата-энелерге балдарын кароосуз калтырбоо жана алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу боюнча эскертүүлөр берилди.

Милициянын маалыматына ылайык, профилактикалык иш-чаралар Ош облусунун аймагында мындан ары да улантылат.

Последние новости