www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси облустук штабдын жыйынында талкууланды.
Жыйынга Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнист Толтоев, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле көмүр өндүрүү жана сатуу менен алектенген ишкерлер катышты.
Жыйында калкты жана социалдык объектилерди, анын ичинде мектептерди, бала бакчаларды жана ооруканаларды отун-энергетикалык ресурстар, өзгөчө көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери каралды.
Аманкан Кенжебаев тиешелүү жетекчилерге социалдык объектилерди сапаттуу көмүр менен өз убагында камсыз кылууну, райондордо жана шаарларда калкка ыңгайлуу көмүр сатуучу жайларды уюштуруп, бааларды көзөмөлдөөнү тапшырды.
Ошондой эле жылытуу казандарын күз-кыш мезгили башталганга чейин текшерип, оңдоп даярдоо, калк арасында отунду алдын ала камдоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.
Көмүр өндүрүүчүлөргө бааны негизсиз жогорулатпоого, көмүрдүн сапатын жана үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыз кылууга чакырык жасалды.
«Бардык даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүп, отун жетишсиздигине жол бербөө зарыл. Бул иштер туруктуу көзөмөлдө болот», — деди Аманкан Кенжебаев.
Жыйындын жыйынтыгында күз-кыш мезгилинде калкты жана экономиканын тармактарын жылуулук жана отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.