www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Ош шаарындагы базарлардын биринде соодагерлердин ортосунда чыккан жаңжал жана бир жаранга күч колдонулган учур тартылган видео боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген төрт жаран кармалып, аларга кылмышка шектүү катары айып угузулган.

Алардын үчөө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилсе, дагы бир шектүүнүн жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып, ага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылып жатканын милиция билдирди.

Последние новости