www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 29-июнунан 3-июлуна чейин ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагында «Канал – Янтарь жээги» аталышындагы субрегионалдык баңгизатка каршы операция өткөрүлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, операция баңгизаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын бөгөттөөгө, трансулуттук баңгизат кылмыштуулугуна каршы күрөшүүгө, жашыруун баңгизат өндүрүштөрүн жоюуга жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга бөгөт коюуга багытталган.

Операциянын алкагында Россиянын Калининград шаарында Эл аралык координациялык штаб түзүлүп, анын ишине Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын делегациясы катышты. Катышуучулар ыкчам маалымат алмашып, биргелешкен иш-чараларды координациялап, баңгизат кырдаалына талдоо жүргүзүштү.

Иш-чарага ЖККУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдары, мамлекеттик коопсуздук түзүмдөрү, чек ара жана бажы кызматтары, ошондой эле финансылык чалгындоо органдары тартылган.

Байкоочу катары Кытай, Иран, Малайзия жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, жалпы 39 миңге жакын кызматкер операцияга жумшалган.

Алдын ала жыйынтык боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 351 килограммдан ашык баңгизат жана психотроптук заттар, 2 тонна 441 килограммдан ашык күчтүү таасир этүүчү заттар жана 1 тонна 96 килограммдан ашык прекурсорлор алынган. Мындан тышкары 7 жашыруун баңгизат лабораториясы жоюлуп, баңгизатка байланыштуу 521 кылмыш аныкталып, 417 адам кармалган. Ошондой эле 24 ок атуучу курал жана 680ге жакын ок-дары алынган.
Операциянын жүрүшүндө интернет аркылуу жүргүзүлгөн баңгизат кылмыштарына жана мыйзамсыз каржылык агымдарга өзгөчө көңүл бурулуп, тыюу салынган маалыматтарды тараткан 1376 интернет-ресурс жана жалпы суммасы 100 миллион рублдан ашкан 2 миңден ашуун шектүү финансылык операция аныкталганы белгиленди.
3-июлда Калининград шаарында өткөн жыйындын жүрүшүндө операциянын алдын ала жыйынтыгы чыгарылып, баңгизат кырдаалынын учурдагы тенденциялары жана мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.
Ошондой эле Эл аралык координациялык штабдын программасынын алкагында өткөн күжүрмөн ок атуучу куралдан атуу боюнча мелдеште Кыргызстандын ИИМинин өкүлдөрү биринчи жана экинчи орундарды жеңип алышты.
ИИМ белгилегендей, Кыргызстандын делегациясынын аталган операцияга катышуусу өлкөнүн баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экенин дагы бир жолу тастыктады.

Последние новости