www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда 13 жумушчусунун тагдыры дээрлик бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан алтын казуучу ишкананын жетекчилеринин бири кармалды. Тергөө комитетинин Амур облусу боюнча бөлүмүнүн 25-марттагы маалыматына караганда, кендин башкаруучу директору Алексей Бирюковго жумуштагы коопсуздук эрежелеринин бузулушу тууралуу козголгон кылмыш иши алкагында айып тагылды.

Жумушчулар уранды алдында калган жерди суу каптаганы, алар менен байланыш дагы эле жок экени маалымдалды.

Облус губернатору Василий Орлов куткаруу операциясы уланып, сууну сордуруп алуу үчүн атайын жабдык орнотулуп жатканын билдирди.

Кырсык 18-августтун кечинде Орусиянын алтын казып алуучу ири ишканаларынын бири катары белгилүү "Пионер" кенинде болгон. Тоо тек урап, жумушчулар 125 метр тереңдиктеги шахта ичинде калган. Жабыркагандардын баары башка аймактардан барган, вахталык тартипте иштеп жаткан жумушчулар экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости