www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Түштүк Кавказдагы транспорттук байланыштарды калыбына келтирүүгө багытталган, айрым маалымат каражаттарында «Трамптын маршруту» деп аталган долбоор саясий жана геосаясий тоскоолдуктарга дуушар болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын бул процесске катышуусу долбоорду туруктуу ишке ашырууга жардам бере алат. Галузин белгилегендей, 2022–2023-жылдары Орусия, Армения жана Азербайжандын үч тараптуу жумушчу тобу темир жол байланышын калыбына келтирүү боюнча бир катар макулдашууларга жетишкен, бирок кийинчерээк сүйлөшүүлөр токтоп калган.

Ошондой эле ал Армения келечектеги темир жол долбоорунун 49 пайыздык үлүшүн америкалык тарапка берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтар жаңы саясий суроолорду жаратып жатканын айтты.

Галузиндин билдиришинче, Москва Армениядагы 102-аскердик базанын ишмердүүлүгүн өзгөртүү же чыгаруу боюнча Еревандан расмий кайрылуу алган эмес. Анын айтымында, база 2044-жылга чейин күчүндө болгон келишимдин негизинде ишин улантып, аймактагы коопсуздуктун маанилүү элементи бойдон калууда.

Последние новости