www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери “Киев режиминин” Орусия аймагындагы соккуларынан 201 жайкын тургун набыт болуп, 721и жарадар болгон. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин элчиси Родион Мирошник билдирди.

«[Орусиянын] Тышкы иштер министрлигинин Киев режиминин кылмыштары боюнча чогулткан маалыматтарына ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин орус аймактарында 922 жайкын тургун украиналык чабуулдардан жапа чеккен. Согушкерлердин колунан 721 карапайым калктын өкүлү жарадар болуп, 201и набыт болду», - деди ал.

Дипломат: "Бир эле учурда 59 бала жабыркады. Алардын 11и каза болду. Каза болгондордун арасында 4 айлык ымыркай дагы бар", — деди Мирошник көзүнө жаш алып.

Кошумчалай кетсек, «Киев режими» 2024-жылдын биринчи чейрегинде Орусиядагы жарандык буталарга каршы кеминде 22 миң ок-дары колдонгон.

«Бул күнүнө дээрлик 250 раунд, же саатына 10 раунд», - деп кошумчалады Мирошник.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости