www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Хакасия республикасынын Таштып айылында үрөй учурга окуя катталды. Кызганычтын айынан күйөөсү менен урушкан аял күчүн беш айлык баласынан чыгарып, баласынын көзүн чукуп салган. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты. 
Малыматка караганда, 36 жаштагы аял психикалык жактан ооруйт. Жолдошу Абакан шаарына кеткенде, Ольга атту бул айым төрт жаштан 14 жашка чейинки улуу балдарын бир бөлмөгө камап коюп, беш айлык баласынын көзүн бычак менен оюп таштаган. 
Жолдошу үйүнө кайтып келип баласынын көзү жок жатканын жана анын жанында аялы бир нерсе шыбырап отурганын көрөт. Наристе ооруканага жеткирилип, энеси полиция тарабынан кармалган. 
Аялдын үстүнөн “Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 3 күн мурун, тактап айтканда 26-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 12 жашар бала энесинин бетине ысык суу куюп, кайчы менен кескилеп, шишкебек жасоочу ийне менен сайып өлтүргөн. Муну баланын эгизи карап турган. Эгиз балдар экөө тең психикалык жактан жабыркайт жана үй-бүлө психоневрологиялык диспансерде каттоодо турат. Булардан сырткары батирде баланын атасы да болгон, ал мас болчу. Ал ойгонгондон кийин, болгон окуяны көрүп, өзүнүн ата-энесине кабарлаган, ал эми ата-энеси полиция чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости