www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан» кыймылынын лидери Хайбатулла Ахундзада кыймылдын мүчөлөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге смартфон колдонууга тыюу салган оозеки буйрук берди.

Бул тууралуу KabulNow жана Afghanistan International басылмалары маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган көрсөтмө «Талибандын» жарлыктардын аткарылышын көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча департаменти тарабынан өлкөнүн сегиз аймагында иштеген аскердик сотторго жөнөтүлгөн.

Чечимде тыюуну бузган адамдар мыйзам бузган катары каралып, аскердик сотторго өткөрүлүп берилери белгиленген.

Мындан тышкары, көзөмөлгө алынган адамдардын атайын тизмеси түзүлгөн. Анда алардын аты-жөнү, ээлеген кызматы, иштеген жери, колдонгон мобилдик оператору жана телефон номери көрсөтүлөт.

Последние новости