www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Ош жана Баткен облустарында эл аралык террордук уюмдардын уячаларынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Тактап айтканда, 8-июндан 9-июнуна караган түнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кеңири масштабдагы антитеррордук атайын операция жүргүзүп, эл аралык террордук уюмдар болуп эсептелинген «Катиба аль-Таухид валь-Жихад» жана «Ислам мамлекети» уюмдарынын активдүү мүчөлөрүн нейтралдаштырды. Аталган адамдар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана диний ишмерлерге каршы террордук актыларды уюштурууну пландап жатышкан.
Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун, ошондой эле Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары менен Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын аймагында координацияны камсыз кылуу максатында антитеррордук операциянын укуктук режими киргизилди.
Түзүлгөн ыкчам штабдардын курамына Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле аймактардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү кирди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында террордук кылмыштарды даярдоого тиешеси бар деп шектелген 31 адам кармалды (анын ичинде Ош облусунда — 11 адам, Баткен облусунда — 20 адам).
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалгандардан диний-экстремисттик адабияттар, экстремисттик материалдар камтылган электрондук маалымат сактагычтар, каттоодон өтпөгөн төрт даана ок атуучу курал, террордук уюмдардын символикасы, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү террордук жашыруун түзүмдөрдү каржылоого арналган акча каражаттары алынган.
Атайын багыттагы бөлүктөрдүн аракеттерине кырдаалдык борбордон реалдуу убакыт режиминде УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Жумгалбек Шабданбеков жетекчилик кылды.
Мекеменин башчысы аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине кырдаалды жана жарандардын коопсуздугун катуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу боюнча тапшырма берди. Ошондой эле кармалгандардын байланыштарын мындан ары текшерүү, алардын мүмкүн болгон шериктерин аныктоо жана мыйзамсыз ишмердүүлүктү каржылоо каналдарын табуу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Атайын операция мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлдү. Учурда КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы иштин бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон кошумча фактыларды аныктоо максатында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.
УКМК терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон каларын белгилеп, мындай коркунучтардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштер туруктуу негизде улантыларын билдирди.