www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызгидрометке жаңы директор дайындалды

Кечээ «Кыргызгидромет» мамлекеттик мекемесинде кадрдык өзгөрүүлөр болуп, мекеменин директору болуп Сакыев Даурбек Жоомартович дайындалды.

Мекеменин жамааты буга чейинки жетекчиликке аткарган иштери жана өлкөнүн гидрометеорологиялык кызматын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгиленгендей, жаңы жетекчинин алдында аба ырайын көзөмөлдөө тутумун өркүндөтүү, климаттык байкоолорду өнүктүрүү жана калкты гидрометеорологиялык кубулуштар тууралуу өз убагында маалымдоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү милдеттер турат.

Кыргызгидрометтин жамааты Даурбек Сакыевге жооптуу кызматында ийгиликтерди, кесиптик жетишкендиктерди жана өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн алдыга коюлган максаттарды ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.

Последние новости