www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын өкмөтү Кандагар шаарында аялдардын эркек тиш доктурларга баруусуна тыюу салды, деп билдирди Al Arabiya.
Маалыматка ылайык, талиптердин өкүлдөрү Кандагардагы стоматологиялык клиникалардан аялдарды кууп чыгышкан жана аларга эркек дарыгерлерге көрүнбөөгө буйрук беришкен.
Талибан бийликке келгенден бери Ооганстанда аялдардын укуктарын чектеген бир катар чаралар көрүлгөн. Жакында эле өлкөнүн ЖОЖдорунун окуу программасынан аялдар жазган китептер алынып салынды. Мындан тышкары, адам укуктары жана сексуалдык зордук-зомбулукка арналган 18 предметке тыюу салынган. Талибдерге каршы же шарият мыйзамдарына карама-каршы келген 680 китептин 140ка жакыны аялдар тарабынан жазылган.
Белгилей кетсек, 10-августта талиптер Кабулда аялдардын сулуулук салондорун жапырт жаап жатканы белгилүү болгон. Эксперттер бул аракеттерди аялдарды социалдык жана экономикалык турмуштан акырындап четтетүү саясатынын бир бөлүгү катары баалашты.
Белгилей кетсек, буга чейин Талибандын убактылуу өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү Кандагар провинциясында аялдарга радиодо көңүл ачуучу программаларды алып барууга тыюу салган.
Мухаммад Ходиев, Ташкен