www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев милиция кызматкерлеринин майрамы менен өзүнүн Инстаграм баракчасында куттуктады. 

"Мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын камсыз кылууда милиция кызматкерлеринин ролу абдан маанилүү. Алар күнү-түнү жумуштун оордугуна, айлык акынын аздыгына карабай, коомдо тартиптүүлүктү орнотууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө ак кызматын татыктуу өтөп келет.

Тилекке каршы пикет, митингдерде жарандар кызуу кандуулук менен укук коргоо органдарын ур-токмокко алган учурлар кездешип жатат. Бул абдан өкүнүчтүү. Анткени, милиция кызматкерлери дагы биздин бир туугандарыбыз, ага-инилерибиз жана балдарыбыз экенин унутпайлы.

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Милиция кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, ачык асман, ишиңиздерге ийгилик жана үй-бүлөңүздөргө, жакшылык, бакыт каалайм. Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык, бейпилдик орноп, өнүгүү болсун!"- дейт өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости