www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Омандын жээгинде санкцияга кабылган жана дээрлик 1 миллион баррель мунай ташып бараткан Caroline Bezengi танкери кырсыкка учурады. Бул тууралуу 8-августта Arab News спутниктен алынган маалыматтарга таянып жазды.

Кеме болжол менен эки ай мурун Омандын түштүк-батышындагы Киблия аралына жакын, корголуучу деңиз аймагында сууга отуруп калган. Спутниктен тартылган сүрөттөргө ылайык, төгүлгөн мунай дээрлик 800 чарчы чакырым деңиз бетин каптаган.

Экологиялык кырсык болгон аймак Араб деңизинин коругуна кирет. Бул жерде сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар жашайт.

Мунайдын төгүлүшү уланып, так улам кеңейип жаткандыктан, жергиликтүү жаратылышка коркунуч өтө жогору деп бааланууда. Куткаруу иштери азырынча мунайдын агып чыгышын токтото элек. Эл аралык жаратылышты коргоо уюмдары аймактын уникалдуу экосистемасына келтирилиши мүмкүн болгон орду толгус зыянга тынчсыздануусун билдиришти.

Последние новости