www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылман статусун алгандардын 351и Тажикстандан, 16сы Өзбекстандан, 10у Кытайдан, 5и Россиядан, бирөө Афганистандан жана төртөө башка өлкөлөрдөн келген.
Белгиленгендей, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны Кыргызстандын жарандыгын алган.
Кайрылман статусу үч жылга берилет. Бул мезгилде анын ээси Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берүүгө укуктуу. Кайрылмандар социалдык жөлөкпул, пенсия, медициналык жардам жана билим алуу сыяктуу укуктардан пайдалана алышат.