www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Океан туруктуу көрүнгөнү менен, анын терең катмарларында кээде көзгө көрүнбөгөн, бирок кооптуу өзгөрүүлөр болуп турат. Окумуштуулар деңиз түбүндөгү жарык дээрлик толугу менен жоголуп кеткен өзгөчө учурларды аныктап, аларды “деңиздеги кара толкундар” деп аташты.

Бул көрүнүш бир нече күндөн тартып эки айга чейин созулушу мүмкүн. Жаңы Зеландия жана Калифорния жээктеринде жүргүзүлгөн байкоолор кара толкундар маалында деңиз түбүнө жарык дээрлик жетпей каларын көрсөткөн.

Мындай жагдай экосистемага терс таасирин тийгизе турганын адистер коңгуроо кылып кагышты. Анткени жарыкка көз каранды балырлар менен деңиз чөптөрү фотосинтездин 95% чейин жоготушу мүмкүн. Бул азык-түлүк чынжырынын бузулушуна алып келип, майда организмдерден баштап ири балыктарга чейин таасир этет.

Караңгы шартта балыктар багытын жоготуп, миграциясын өзгөртөт, көбөйүү процесстери да бузулат. Айрыкча жээктеги рифтер үчүн бул өтө кооптуу. Негизги көйгөй деңиз түбүндөгү жарыкты өлчөгөн узак мөөнөттүү маалыматтардын аздыгы. Ошондуктан окумуштуулар коркунучтуу мезгилдерди эртерээк аныктап, деңиз экосистемаларын коргоого зарылдыгын белгилешүүдө.

Последние новости