www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам фактору-башкы орунда болуш керек дегенден бийликтегилер да, жаагын жанган саясатчылар да жадабайт. Тилекке каршы зарылчылык чыккан жерге минтиш керек дегенди укканда эле көңүлдөрү айнып кетет. Уккулары келишпейт мындайды. Маселен, Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында күн алыс жол кырсыктары катталып турат. Бирок, жабыр тарткандарды Токтогулдагы, же болбосо Кара-Балтадагы эмканага жеткиришет. Катуу кырсыкка кептелгендерди унаага салып алышып, тешик жолдо жүргөндүктөн ого бетер кыйнашат. Ушул кемчиликти көрүп туруп, бир дагы бийлик башын ооруткан жок. Эгерде чакан оорукана салынганда ушинтип жол кырсыгына кабылгандар кыйналмак эмес да, чынбы? Көп болсо бир байдын тоюна кеткен чыгымга дуушар болмокпуз.
Ал эми кереметтүү капчыгайда не деген кафелер, ашканалар, эс алуучу жайлар курулбады дейсиң? Баары эле акча табууга жанын үрөшөт. Бир да бай, же депутат оорукана тууралуу ойлонуп койбоду. Шоркелдей жүргүнчүлөрдүн суроо-талабын угайын деген бирөө болбогону өкүндүрөт. Эки күн мурун сегиз адамды салып бараткан унаа Чычкан суусуна кулады. Алардын экөөсү өмүрү менен коштошту, калгандары оор жаракат алышты. Кырсык арбын болчу ушул капчыгайда мобилдүү медиктер болгондо кечикпей келип, жабырланган адамдарга көмөгүн көрсөтмөк. Балким айрымдары кансырабай жашоого келмек. Деги, биздин өлкөдө качан адамдын барк-баасы көтөрүлөт. Эгерде азыркы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев учак менен учпай эл катары сапарын уласа мындай керектүү маселени чечип берүүгө ниетин бурмак. Сөзсүз эле зар-какшап кат жаза бериш керек эместир? Элдин мүдөөсүн аткара албаган бийликтин кереги канчалык деген кептин маңызы бардай…
Булак: "Ачык сөз"