www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарында Эсеп палатасынын инспектору пара талап кылган жана алган деп айыпталып жатат. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Маалыматта Эсеп палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча инспектору Нарын райондук билим берүү башкармалыгын текшерип жатып “бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдаландыңар” деген негизде 200 миң сом талап кылганы айтылат. Мекеменин башкы бухгалтери бул акчанын бир бөлүгүн – 80 миң сомду инспектордун жубайынын эсебине которгонун айтып берди.
Факт боюнча козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгы тергеп жатат.
Булак: NazarNews.kg