www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата чыгармаларынан үзүндү тартуулашты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМ кызматкерлери "Кызыл жоолук жалжалым", "Ак кеме", "Жамиля", "Тоолор кулаганда" аттуу чыгармаларынан үзүндү окуп беришти. Маданий иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү катары өткөрүлдү.

"Кызыл жоолук жалжалым" повестинен үзүндүнү ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын №3 Өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчүсү Камчы Кыдырмаев, "Ак кеме" повестинен ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын №3 Өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы Канат Алмазбеков, "Жамиля" повестинен ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын орун басары Максат Жаныбеков, "Тоолор кулаганда" романынан ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Кадр бөлүмүнүн башчысы Назгүл Айталиева, “Ак кеме” повестинен үзүндүнү ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов окуду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости