www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NVIDIA компаниясы Тайвандагы Computex көргөзмөсүнүн алдында жасалма интеллектке багытталган жаңы технологияларын сунуштады. Алардын арасында RTX Spark чипи, Vera процессору жана Cosmos 3 модели бар.

RTX Spark колдонуучуларга жасалма интеллект кызматтарын түздөн-түз компьютерде иштетүүгө мүмкүндүк берет. Cosmos 3 роботтор менен автономдуу унааларды окутуу үчүн иштелип чыккан. Ал эми Vera процессору жасалма интеллект агенттеринин ишин күчөтүүгө багытталган.

Компаниянын башкы директору Женсен Хуанг жасалма интеллект жумуш орундарын кыскартпай, тескерисинче адистердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи. Nvidia келечекте адамдардын тапшырмаларын өз алдынча аткара алган санарип жардамчылар кеңири жайылат деп эсептейт.

Последние новости