www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда интернет аркылуу синтетикалык баңгизаттарды сатып жүргөн трансулуттук топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, алар ишмердүүлүгү Telegram тиркемеси аркылуу жүргүзүлүп турган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкектеги мейманканалардын биринен кыргызстандык 19 жаштагы Ш.Д., 22 жаштагы К.О. жана 17 жаштагы С.Е. кармалышты. Тинтүү учурунда алардан ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттар табылды. Мындан тышкары, шектүүлөрдүн биринин жашаган жеринен да баңгизаттын ири өлчөмү алынды.
УКМКнын маалыматына караганда, жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында ири көлөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды таратуу каналы жабылып, интернет аркылуу иштеген баңгизат сатуу түйүнүнүн ишмердүүлүгү токтотулду.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атайын кызмат ата-энелерди балдарынын интернеттеги жана күнүмдүк чөйрөдөгү аракеттерине көңүл бурууга чакырып, баңгизатка байланышкан кылмыштар үчүн 14 жаштан тарта жоопкерчилик караларын эскертти. Мындай кылмыштар үчүн 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.